Приглашение на чаепитие на киргизском и узбекском языках

Приглашение на чаепитие с редакционной группой газеты «Насреддин в России» и музыкальным ансамблем «Эхо Памира» на киргизском и узбекском языках.


Приглашение на киргизском языке

Орусияга кете электе Насреддин Хожа белгилүү сүрөтчү болгондур (же музыкант, же жазуучу). Кандай болсо да, ал жакшы көргөн иши менен алектенчү,  аны баары баркташчу. Ал эми Москвада ал кара күч менен жанын багат. Эми чыгармачылыгы үчүн убакыт менен күч таба алабы? Же болбосо тиричилик үчүн күрөшөбү? Орусия өнүгүүгө  жаңы мүмкүнчүлүктөр менен  шарттарды түзүп береби? Же жөн гана аны жумушчу  кара күч катары көрөбү? А балким,  эмгек миграциясы ага өзүнүн шыгын издегенге дем берет? Бул тууралуу «Насреддин в России» гезитинин редакциясы менен  жолугушууда билгенге аракет кылабыз.

Жолугушуунун катышуучулары:

Ольга Житлина — сүрөтчү, перфоманс жана театралдык көргөзүүлөрдөн автору, «Агентство Утопических Новостей» жана «Насреддин в России» гезиттеринин  негиздөөчүсү,  редактору. 2011-жылы укук коргоочу Андрей Якимов менен биргеликте эмгек миграциясы тууралуу  «Орусия — мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү» деген оюнду ойлоп чыккан. 2014-жылдан баштап сүрөтчү Анна Терешкина, эмгек мигранттары жана чыгармачыл кесиптештери менен чогуу «Конкурс шутки Ходжи Насреддина» аттуу долбоорду жетектеп келет. Андан бери  «Насреддин в России» гезитинин бир канча саны басып чыгарылды.  Йон Иригойен сүрөтчүсү менен биргеликте «Мобильная дискотека» гезитин да чыгарат. 2015-жылдан баштап Гамбургдагы «Лампедуза» аттуу качкын-активисттер тобу менен жана опера ырчысы Юлия Аверина менен кызматташып, жыйынтыгында Андрей Платоновдун «Джан» чыгармасына коюлган «Перевод» спектакли жаралган. Henkel (2012) жаштар премиясынын,  Лея жана Ханс Грундиг атындагы премиянын (2015) лауреаты. Санкт-Петербург шаарында жашайт, иштейт.

Анна Терешкина — сүрөтчү, иллюстратор, аудио — видеолордун автору, куратор жана феминист. 2018 –жылы Омск Мамлекеттик педогогикалык университетинин Искусство факультетин жана 2014 — жылы «Что Делать» чыгармачылык мектебин аяктаган. «Швемы» тигүүчүлөр кооперативинин катышуучусу,  анын долбоорлору  «МедиаУдар» фестивалы (Москва, 2015,2016), Civic Media Lab (Днепр, 2017) фестивалы, 1- Орусиялык заманбап искусствосунун Триенналеси («Гараж» заманбап искусство музейи, Москва, 2017) иш-чараларында көрсөтүлгөн. «Насреддин в России» гезитинин иллюстратору. 2015-жылы Люси Липпард атындагы феминисттик устаканасынын куратору болгон (Анастасия Вепрева жана Полина Заславская менен биргеликте, Санкт-Петербург шаары), азыр «Егорка» коммуналдык галереясынын куратору (Анастасия Макаренко менен, Санкт-Петербург). Санкт-Петербург шаарында жашайт, иштейт.

Абдумамад Бекмамадов — музыкант жана куруучу. Орусияга 1999- жылы Таджикстандын Тоолуу –Бадахшан автономиялык облусунан келген. Мекенинде Искусство Институтуна окууга тапшырган, бирок, 1991-жылы жарандык согуштан улам окуусун таштоого аргасыз болгон.  1999-жылы Москвага келип, курулушта иштеген. Тогуз жыл бою музыка менен алектенгенге мүмкүнчүлүгү болгон эмес. 2010 –жылы режиссер Всеволод Лисовский менен таанышып, анын «Акын-Опера» көргөзүүсүндө катышкан соң чыгармачылык чөйрөгө кайткан. 2014 –жылы «Золотая Маска» премиясы менен сыйланган. Анна Моисеенконун «Песни Абдула» документалдык фильминде башкы персонаж болгон. Концерттик чыгармачылык менен курулуштагы жумушунда бирдей иштейт.

Бермет Борубаева — куратор, сүрөтчү, изилдөөчү. Бишкек шаарында төрөлгөн, билими боюнча саясат таануучу. Бишкектеги «ArtEast» заманбап искусство мектебин аяктаган жана Биринчи Москвалык «V-A-C Foundation» кураторлор мектебинин бүтүрүүчүсү. Орто Азия, Европа жана АКШдагы эл аралык көркөм долбоорлорунда катышкан. 2013-жылдан баштан Москва шаарында жашайт. ЦТИ Фабрикада арт-резиденция программасында координатор болуп иштеген. Искусство, эмгек, гендердик теңдик жана экология жөнүндөгү публикациялардын автору. Акыркы күндөргө чейин Москвада тамактануучу жайда ашпозчу болуп иштеген. Азыр болсо «Труд» гезитинде тамак өндүрүүдөгү саясаттык экономия жөнүндө колонканын автору, #ФудшерингвБишкеке тобун уюштуруучулардын бири.

Чынгыз Айдаров — 1984-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 2006-жылы С. А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайын аяктаган. Перфоманс, акция, фото, видео, инсталляция, живопись, скульптура, графика форматтарында иштейт. 2017-жылдан бери Москва шаарында иштейт, чыгармачылык менен жүк ташуучу жумушун бирдей алып барат. Азыркы учурда «Гараж» заманбап искусство музейинде устакана программасынын резиденти.

Зарнигар Омониллаева — юрист, укук коргоочу, коомдук ишмер. 1994 –жылы Ферганада, Өзбекстанда төрөлгөн. 2013 — жылы Орусиядагы Эл Достугу Университетинин юриспруденция факультетине тапшырып, Москвага көчүп келген. Окуп жүргөндө мигранттарга укук жардамын көрсөтө баштаган. musofir.ru укук-маалыматтык порталын негиздеген. Башка ыктыярчылар менен биргеликте өзбекче сүйлөгөн мигранттарга  колдоо көрсөтүү үчүн  «Таянч» интернет долбоорун түзгөн. Бүгүнкү күндө бул уюмда 65 миңге жакын колдоонучу бар, алардын ичинде акын, жазуучу, ырчылар жана башка чыгармачылык менен алектенген мигранттар абдан көп. «Насреддин в России» гезитинин 4-санын өзбек тилине которгон.

23-март күнү сиздерди «Гараж» заманбап искусство музейинде саат 18:00до күтөбүз. Дареги: Крымский Вал көчөсү, ү.9, 32 курулуш, «Лаб» мейкиндиги («Бюро переводов» көргөзмөсүнүн алкагында).

Жолугушуу жандуу музыка менен коштолот.

Кирүү акысыз.


Пришлашение на узбекском языке

ADBIRGA KELING, XORDIQ CHIQARASIZ!

Rossiyaga ketguniga qadar Xo’ja Nasriddin mashhur rassom edi (yoki san’atkor, balki yozuvchi bo’lgandur). Qanday bo’lmasin, u o’zi sevgan kasb bilan mashg’ul edi va bu uchun uni qadrlashardi. Moskvada esa u hayot uchun jismoniy kuchi bilan ishlashga majbur. Xo’sh, u ijod uchun vaqt topmoqdami? Yoki hayot uchun kurashga sho’ng’ib ketdimi? Rossiya u uchun yangi istiqbol va rivojlanish imkoniyatlarini bera olyaptimi? Yoki unda faqat qora ishchini ko’rishmoqdami? Balki aynan mehnat muhojirligi uni yangi qirralarini ochishga ilhomlantirgandur? Bu haqida biz «Nasriddin Rossiyada» tahririyat guruhining dasturxon atrofida o’tkazadigan uchrashuvida bilib olamiz.

Uchrashuv ishtirokchilari:

Olga Jitlina va Anna Tereshkina — Peterburglik rassomlar, gazeta tahrirchilari.

Abdumamad Bekmamadov — san’atkor va quruvchi. Rossiyaga 1999 yili Tojikistonning Tog’li-Badaxshon avtonom viloyatidan kelgan. Vatanida San’at institutiga o’qishga qabul qilingan. Lekin 1991 yildagi fuqarolar urushi tufayli o’qishni tashlashga majbur bo’lgan. Ammo sozanda sifatida chiqishlarini davom ettirgan. 1999 yilda Moskvaga kelib, quruvchi sifatida ishlay boshlagan. 9 yil davomida sozandalik bilan mashg’ul bo’lishga imkoni bo’lmagan. 2010 yilda rejissor Vsevolod Lisovskiy bilan tanishib, rejissorning «Akin-Opera» namoyishlarida ishtirok etdi. Shundan keyin o’zining professional kasbiga qaytdi. 2014 yilda Oltin niqob mukofoti bilan taqdirlandi. Anna Moiseyenkoning «Abdulaning qo’shiqlari» hujjatli filmi qahramoniga aylandi (2017). Konsert faoliyatini hali ham quruvchilik ishi bilan bir maromda olib bormoqda.

Bermet Borubayeva — kurator, rassom, tadqiqotchi. Bishkekda tug’ikgan, siyosatshunoslik bo’yicha ta’lim olgan. Bishkekda ArtEast Zamonaviy san’at maktabini tamomlagan, V-A-C Foundation Birinchi Moskva kuratorlik maktabi bitiruvchisi. Markaziy Osiyo, Yevropa, Meksika, AQSHda xalqaro rassomlik loyihalarida qatnashgan. 2013 yildan buyon Moskvada yadhaydi. STI Fabrika art-rezidensiyasi dasturi koordinatori bo’lib ishlagan. San’at, mehnat, gender tenglik va ekologiyaga haqidagi maqolalar muallifi. Yaqin vaqtga qadar Moskvaning turli ovqatlanish joylarida oshpaz bo’lib ishlab keldi. Hozirgi vaqtda «Trud» gazetasida oziq-ovqat ishlab-chiqaruvi iqtisodiyotiga bag’ishlangan kolonka yetakchisi. #ФудшерингвБишкеке guruhining hammuallif tashkilotchisi.

Chingiz Aydarov — 1984 yili Bishkekda tug’ilgan. 2006 yili S.A.Chuykov nomidagi Qirg’iziston davlat rassomchilik o’qishini tamomlagan. Performans, aksiya, foto video, instalyatsiya, rassomchilik, haykaltaroshlik, grafika formatida ishlaydi. 2017 yildan buyon Moskvada yashab, ishlab kelmoqda. Ijodini yuk tashuvchilik ishi bilan birga olib bormoqda. Hozirgi vaqt Garaj Zamonaviy san’at muzeyi dasturining rezidenti hisoblanadi.

Zarnigor Omonillayeva — yurist, huquq himoyachisi, jamoatchi faol. 1994 yili Farg’onada tug’ilgan (O’zbekiston Respublikasi). 2013 yili RXDU Yurisprudensiya fakultetiga o’qishga kirib, Rossiyaga kelgan. O’qish vaqtidayoq migrantlarga huquqiy yordam berishni boshlagan. Musofir.ru huquqiy-informatsion portal asoschisi. Tayanch internet loyihasining hammuallif-tashkilotchisi. Bugungi kunda loyiha 65 ming faol migrant foydalanuvchilardan iborat. Ular orasida ijodkorlari juda ko’p. «Nasriddin Rossiyada» gazetasining 4- nashrini o’zbek tiliga tarjima qilgan.

Sizni 23-mart soat 18:00da Garaj Zamonaviy san’at muzeyida kutib qolamiz. Manzil: Moskva shahri, Krimskiy Val ko’chasi, 9 uy, 32 bino. Lab maydoni

(Tarjimonlar byurosi ko’rgazmasi doirasida)

Dasturxon va musiqa bo’ladi. Siz uchun «Pomir Sadosi» guruhi ijro qiladi (Ishtirokchilar: Abdumamad Bekmamadov, Adam Chakaboyev, Shirin Chakaboyev, Pakiza)

Kirish bepul

Поделиться